Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Славян улутундагылардын көзүнчө өз тилинде сүйлөшөт. Бул адепсиздик». Москвичтердин мигранттар туурасында кандай ойдо? (видео)

Кыргызстандык мигрант Россиянын борбор калаасында мигранттарга болгон мамиле жөнүндө айтып берди. Бирок, аны менен бардыгы макул эмес

Белгилүү ohmuri YouTube каналында москвалыктардын мигранттарга болгон мамилесин камерага айтып жаткан видеосу пайда болгон.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү мигранттардын адепсиз жүрүм-турумдарына, ошондой эле алар москвалыктардан жумуш орундарын тартып алып жатышканына нааразы болуп чыгышкан.

«Мигранттар славяндардын көзүнчө көп учурда өз тилинде сүйлөй беришет. Бул адепсиздик», - деп баш чайкашкан алар.

Видеонун башкы каарманы - Кыргызстандан барган Баха атуу мигрант Россиянын борбор калаасында иштөө канчалык кыйын экенин айтып берет. Ал Delivery Club ишканасында курьер болуп эмгектенет, кийин Eminem сыяктуу рэпер болууну самайт.

Баха блогерлерге Кыргызстанда эл Москвага караганда боорукер экенин айткан.

- Алар (жергиликтүү тургундар) келгендердин баары жапайы жана сабатсыз деп ойлошот, - деген кыргызстандык. - Метродо кары-картаңдар «Чуркалар толуп алышты» деп тилдешет.

Видео тасманы 50 000ден ашык адам көрүп, 2 миңден ашык пикир калтырышкан.

Мигранттар менен иштешкен «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов өз кезегинде мекендештерди сар-санаа болбоого чакырды. Vesti.kg сайтына берген маегинде ал жалпы жонунан алганда россиялыктар мигранттарга оң көз карашта экенин белгилеген.

- Маселенин эки жагы бар, - деди Молдокматов. - Мисалы, кээ бир кыргызстандыктар деле Кытайдан келген мигранттарды жактырбайт. Ал жерде деле ушундай абал. Россияда мигранттардын саны 600 000 кишиден ашат. Алардын ичинен 450 миңден көбү Москвада иштейт. Москванын өзүндө ал эмес «москвичтер» жана «москвичтер эмес» болуп экиге бөлүнүшөт. Ошондой эле, мигранттар Кыргызстандан эле эмес, Борбордук Азиянын башка мамлекеттеринен да барарын белгилей кетүү керек. Алардын жүрүм-туруму да айрым учурда биздин мекендештерибизге чагылышат.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх