Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ильзат Ахметов: Менин үйүм - Кыргызстаным жөнүндө бардыгы билсе дейм (видео)

Кыргызстандык футболчу Россиянын фубол боюнча курама командасынын формасынын жаңы дизайнынын бет ачарына катышты

Кыргызстанда туулган белгилүү футболчу Ильзат Ахметов Россиянын футбол боюнча курама командасы 2020-жылы өтө турган Европа чемпионатынын финалдык бөлүгүндө кийип, ойной турган формасынын жаңы дизайнын жарыялаган видео тасмага катышты.

Кечээ оюнчу Instagram социалдык тармагындагы баракчасында ролик менен бөлүшкөн.

«Мен уйгурмун. Россиянын курамасындагы уйгур. Менин үйүм - Кыргызстаным тууралуу бардыгы билсе дейм», - деген анда Ахметов.

Белгилей кетсек, Ильзат Ахметов Москванын «ЦСКА» клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин аны Россиянын курама командасына чакырышкан.
Кыргызстанда туулуп-өскөн футболчу «Биринчи бешилик» орус улуттук сыйлыгынын лауреаты болгон. УЕФАнын рейтингине ылайые, ал келечегинен көптү үмүттөндүргөн 50 жаш оюнчунун катарына кирет.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ахметов «Арсеналга» каршы беттешүүдө дебюттук голун киргизген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх