Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Силер футбол эле эмессиңер». «Бишкек жашыл чарба» Кыргызстан-Тажикстан беттешинин алдында видео кайрылуу жаздырышты (видео)

 Муниципалдык кызматкерлер биздин спортчуларыбызга алардын кылган эмгектери жана ийгиликтери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти

«Бишкек жашыл чарба» МИнын кызматкерлери ата мекендик футболчуларды Тажикстандын курамасына каршы беттешинин алдында колдоону чечишип, атайын видео кайрылуу жаздырышкан.

Тасмада муниципалдык кызматкерлер спорчуларга алардын кылган эмгектери жана ийгиликтери үчүн ыраазычылыктарын билдиришет. Борбор калаанын жашылдандыруучулары футболчулар кыргызстандыктарды биримдикке алып келип, аларга үмүт белек кылышканын баса белгилешкен.


«Бишкек жашыл чарбанын» басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына видео тасманын каармандары Октябрь районунун кызматкерлери экенин, алар өздөрү демилге көтөрүшкөнүн маалымдашты.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте 2022-жылда өтө турган Дүйнөлүк чемпионаттын жана 2023-жылкы турларынын алкагында экинчи беттеш орун алат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх