Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттарга мектептеги коррупция жөнүндө айтып берип жаткан кыз алардын күлүп жибергенине ызаланып, көзүнө жаш алды(видео)

Парламент мүчөлөрүнүн реакциясын көргөндөн кийин окуучу кыз андан ары сүйлөөдөн баш тартып койгон

Кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттар Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө жана БУУнун балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын 30 жылдыгынын урматына окуучулар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө № 87-мектептин жаш окуучу кызы дагы сүйлөп чыккан. Ал 2 миңден ашык мектеп окуучуга бир гана мед айым тейлөө көрсөтөрүн айтып берген.

- Биздин мед айым балдарды акчага эмдейт, -деп арызданган окуучу.


Бул сөздөн кийин кээ бир депутаттар күлүп жиберишет. Муну көргөн кыз сүрдөп, көзүнө жаш алып, андан ары сөзүн улантуудан баш тартып койгон.

Гулиза Чудубаева
Фото и видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх