Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекти каптаган кара ыш. Дастан Бекешев мамлекетке кечки маалда колдонулган электроэнергиянын баасын төлөп турууну сунуштады

Серепчи мындай чара экологияга жардам берерине көзү жетпейт

Өкмөт кечки маалда колдонулган электроэнергиянын тарифтерин азайтуу маселесин карап чыгышы керек, бирок, мындай чара абанын булганышын азайтууга жардам бербейт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиев бөлүштү.

Тактай кетсек, депутат Дастан Бекешев өкмөткө түнкү маалда колдонулган электроэнергия үчүн субсидия бөлүп берүү маселесин карап чыгууну сунуштаган. Парламент мүчөсү мындай жол менен Бишкектеги абанын булганыч деңгээлин азайтууга болот деген ойдо.

«Бюджеттен экологияга 900 миллион сом бөлүнөт, бирок, бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айлык маяналарга кетип калат - деп белгилеген Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында. - А ошол эле маалда Бишкек экологиялык кыйроонун алдында турат. Бюджетте бул көйгөйдү чечүүгө каражат каралган эмес. Мүмкүн биз жок дегенде түн ичинде электроэнергиянын тарифтерине субсидия бөлсөк кантет?».

- Бүгүнкү күндө субсидия жөнүндө сөз кылбай эле коюш керек го дейм, анткени, өлкөбүздүн бюджети дефицит менен турат - деп белгиледи Расул Акматович. - Бирок, күндүз башка тариф, кечинде башка тариф кылуу жөнүндө маселени карап чыкса болот. Эгерде түн ичиндеги тарифтерди эки эсеге азайтса, көптөгөн элдер үйлөрүн жылытуу үчүн электр шаймандарын колдоно башташмак. Мындай чара кечки маалда электр тармагына келген күчтү жеңилдетип, авариялардын саны кыскармак.

Муну менен бирге эксперт тарифтик саясат борбор калаадагы кара ыш көйгөйүн чече аларына көзү жетпесин билдирдибайт деп божомолдоду.

- Буга чейин Кытайда абанын сапатына байланышкан чоң көйгөйлөр болгон, ошондуктан алардын бийлиги экологиялык энергиянын булактарына өтүп, көмүр ЖЭБнен баш тартышкан - деди ал. Бул чечим өз жемиштерин тез эле бере баштаган. Биздин өлкөдө болсо бул жөнүндө эч ким ойлонбойт. Биз, тескерисинче артка кетип жатабыз.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх