Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мавлянова феминнале тууралуу: Мындайга жол берген музейдин кызматкерлеринин ал жерде иштөөгө моралдык укуктары жок

Парламент мүчөсү кыргыз аялдары салттуу тарбия алыш керектигин айтып баш чайкады

Гапар Айтиев атындагы музейде заманбап аялдардын көйгөйлөрүнө арналган көргөзмөнү ЖК депутаты Махабат Мавлянова катуу сынга алып, кыргыз эли өзүнүн иденттүүлүгүн жоготуп бараткандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазган.

«Кечирилгис ката жасашты! Канчалаган кыздардын жылаңач жүрсө болот деген ойлорун бекемдөөгө жетишишти. Буга жол берген музейдин кызматкерлеринде ал жерде иштөөгө моралдык укуктары жок. Кыз-келиндерибизди улуттук баалуулуктар менен тарбиялоо керек. Ансыз да глобализацияга шылтоолоп, 30 жылдан бери улуттук иденттүүлүгүбүздү жоготуп баратабыз. Аттуу-баштуу деген, үлгү болчу энелерибиз ушинтип олтурса, жаштар кайда барат?

 

Ал ортодо көргөзмөнүн уюштуруучусу кыргызстандык жазуучу Алтын Капалова бул теманы жайылтууга жардам бердиңер деп, бардык пикир калтырган адамдарга ыраазычылык билдирген. Ал дагы өз оюн Фейсбуктагы социалдык баракчасында жазып чыккан.

 

Эске салсак, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу феминалле өткөн (эки түшүнүктүн аталышынан чыккан - кошулган - биеналле (көргөзмө) жана феминизм - аялдардын укугун коргогон кыймыл). Көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген 50дөн ашык 50-арт-чеберлер катышкан. Феминалленин катышуучулары келгендерге бүгүнкү күндөгү коомчулукта аялдар туш болгон көйгөйлөрдү айтып берүүнү көздөшкөн.

Көргөзмөдө көркөм полотнололор, ошондой эле Дания өкүлдөрүнүн жылаңач перфомансы сыяктуу искусствонун ар кандай арт объектилери тартууланган.

Белгилей кетсек, залга жылаңач чыккан кыз коноктордун өзгөчө көңүлүн бурган. Даниялык перформансистка секс-кызматкерлердин коопсуздугу көйгөйүн көтөргүсү келген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх