Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мира Жангарачева: Эгерде менин отставкамды кабыл алышса - анда, демек өлкөдөгү караңгы, акылы тайкылар жеңишке жетти

 

Көркөм сүрөт музейинин директору «Феминнале» көргөзмөсүнөн кийин ызуу-чуу чыгаргандар өздөрү бул маданий мекемеге бир да жолу басып барышпаганын белгиледи

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева «Фемминале» көргөзмөсүнүн тегерегинде чыккан чырдан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.

Мира Камилевна Vesti.kg сайтына мындай чечимди музейди сактап калуу максатында кабыл алганын билдирди.

- Арыз жазууга мени Маданият министрлиги эмес, музейге бир дагы жолу басып келбеген, бирок, анда жылаңач баскан аялды көрүп, соцтармактарда чуу чыгарган  адамдар аргасыз кылды - деп тактады Жангарачева. - Музейди сактап калуу жана кызматкерлеримдин коопсуздугу үчүн мындай чечимди кабыл алдым, анткени, олуттуу коркутуулар болду.

Муну менен бирге ал Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоого арналган көргөзмөнү колдоорун да билдирди.

- Мен көргөзмөгө байланыштуу кандайдыр-бир жагдайларды туура дегеним үчүн кетип жаткан жокмун - деди ал. -Тескерисинче, аялдардын укуктарын толук колдойм жана өлкөдө бул маселе боюнча абал өтө начар экенин жана көргөзмө аялдарга жардам берүү үчүн уюштурулганын толук түшүнөм. Ал эми жылаңач кыздын чыгышы - бул көздөрүнө жылаңач аялдан башка эчтеке көрүнбөгөн, тайкы кишилердин көйгөйү.

Мира Камилевнанын айтымында музейдин жетекчилигин «Фемминале» көргөзмөсүнүн өткөрүлгөнү үчүн сынга алган интернеттин көптөгөн колдонуучулары бул иш-чара кайда өткөнүн деле так билишпейт.

- Социалдык тармактарда көптөгөн адамдар биздин музейди тарых музейи менен алмаштырып жатышат. - Айрымдары ал жерге бир басып барып көрүшкөн эмес. Көргөзмөнү өз көздөрү менен көргөндөрдүн бардыгы абдан курсант болуп кайтышты. Билимдүү мырзалар үй-бүлөлөрү менен келип жатышты. Мен кандайдыр-бир жаңылыштык кылгандай кичинекей кыз эмесмин. Мен 1995-жылы Пекиндеги конференцияда парламенттин депутаты катары катышып келгенден бери акыркы 25 жыл бою аялдардын укуктарын коргоо менен алпурушуп келе жаткан акылы толук адаммын.

Эске салсак, Мира Жангарачева Көркөм сүрөт музейинин директорлугуна анын мурдагы башчысы Юристанбек Шыгаев сүрөттөр менен байланышкан чырдан кийин кызматынан кеткенден кийин дайындалган.

- Биздин өлкөнү «Кырк-Чоро» сыяктуу улуттук патриот сымалдар менен «5-каналдын» эфиринен 5 жолу «Жангарачеваны жоготкула» деген чала сабаттуу жарандык активисттер башкарып жатканы мени өтө өкүндүрөт. - Маданият министрлигинин башчысы азырынча менин арызыма кол кое элек. - Эгерде кабыл алса, деп өлкөдө караңгылык жеңди. Мен музейге чыр болгондон кийин келгем. Эмнеге ал улуттук патриоттор музейди талап-тоноп жатышканда бир дагы кайрылуу кылышкан жок, эмнеге министрликке бир басып барышкан жок? Алар бул жерде кандай сүрөттөр бар, авторлору ким деле билишпейт да, чынында.

Материал чыгып жаткан маалда жергиликтүү ММКлар маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мира Жангарачеванын арызына кол койгонун жазып чыгышты.

Ага чейин мекеме көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх