Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Феминнале» көргөзмөсүнүн тыюу салынган экспонаттарын музейден замбилге салып алып чыгып кетишти (видео)

Маданият министри чагымчыл деп эсептеген эмгектердин ордуна «цензура» деп жазылган тактачалар пайда болгон

Маданият, маалымат жана туризм министринин цензурасынан өтпөй калган «Феминнале» көргөзмөсүнүн экспонаттарын көркөм сүрөт музейинен замбилге салып алып чыгып кетишти.

Аялдардын укуктарына арналган көргөзмө кыскартылган форматта өз ишин улантат, бирок, алып салынган эмгектердин ордуна «цензура» деп жазылган тактачалар илинген.

Тыюу салынган экспонаттардын арасында ички кийимдер эле эмес аялдын дене мүчөсүн элестеткен боксчулардын кум баштыгы ж.б. да кирген.

Эске салсак, бүгүн көркөм сүрөт музейинин имаратында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда пресс-конференция өткөн. Ал кээ бир эмгектер чагымчыл мүнөзгө ээ экенин билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх