Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштун мэри майып балдар менен жолугушуу учурунда ыйлап жиберди (видео)

 Таалайбек Сарыбашевдин ыйлаганын көргөн анын жанындагылары да көздөрүнө жаш алышты

Кечээ Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата №12- көмөкчү мектепке жолугушууга барды.

Окуучулар шаар башчысына арнап даярдаган ыр-бийлерин аткарып беришти.

Сарыбашов балдардын алдында сүйлөп жатып, толкунданып көзүнө жаш алып жиберди. Аны көргөн жанындагылар дан тура алышкан эмес.

«Бул силердин майрам. Биз силерди жакшы көрөбүз», - деген Сарыбашов.

Бардыгы болуп бул мектепте 218 бала окуйт, алардын 50сү ошол жерде жашашат. Эң улуусу 16да, кичүүсү 7 жашта.

Шаардын мэриясы Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата бир катар социалдык мекемелерге жардам көрсөткөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх