Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чечинбе, уят!» деген жазуусу бар автобус Бишкекте жүрөт (фото)

Социалдык тармактардагы публикациянын автору муну «Ультра-оңчулдардын слету» деп атаган

«Чечинбе, уят!» деген жазуусу бар автобус белгисиз сүрөтчүнүн кадрына түшүп калган. Бишкектеги супермаркеттердин биринин жанында тартылган делген сүрөт социалдык тармактарда тараган.

«Ультра-оңчулдардын слету», - деп жазып койгон публикациянын автору.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн «Феминале» көргөзмөсүнүн айрым экспонаттары коомдун катуу сынына кабылганын жазган.

Кээ бир жарандарды музейдин залдарында жылаңач басып жүргөн Даниялык сүрөтчү айымдын перформансы, ошондой эле илинип турган ич кийимдер кыжырданткан.

Жыйынтыкта музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, маданият министри ага кол коюп берген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх