Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

#REart: Кыргызстандыктарды коррупцияга каршы сынакка катышууга үндөшүүдө

Жеңүүчүнү «Айген» баштыгына салынган байге күтөт

Кыргызстанда жарандык активисттердин тобу коррупцияга каршы эң мыкты чыгармачыл долбоорго сынак жарыялады. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында жарыяланган.

Белгиленгендей, жеңүүчүнү «Айген» баштыгына салынган белек күтөт.

«Видео тарт, ыр жаз, ырда, карикатура же мем тарт! Чыгармачылыктын кайсы түрү болбосун - сынакка катышууну кепилдейт.  Айген баштыгындагы белегиңди аласыз жана ошондой эле коррупцияга каршы күрөшкөн жоокер жана патриоттун даңкына ээ болосуң», - деп жазылган публикацияда.

Сынактын авторлору жыйынтык 2020-жылдын 9-январында лайктардын жана публикацияна көргөн колдонуучулардын санына жараша аныкталарын кошумчалашты.

«Багынба, Кыргызстан, күрөштүн эң курч кези келди! Биз - күч, биз - кубат, биз - акыл-эс! Биз менен эсептешүүгө кез келди, биз өлкөбөздү уурулардан тазалап алуубуз керек! Мыкты Кыргызстан үчүн күрөштү улантабыз! Максатыбыз олуттуу экенин биргеликте көрсөтөлүк! Өз эмгектериңиздердин астына #REart хештегин кошуп коюңуз», - деп жазышкан активисттер.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх