Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББнын башчысынын орун басары: Жасалма номурлуу Мерседестин айдоочусу көрсөтмө берди. Ал Алмаз Мамбетов эмес

Иманалы Саркуловдун айтымында айдоочу прокуратурада иштегендиги тууралуу азырынча маалымат жок

МККнын төрагасы Алмаз Мамбетов жасалма 578 ACD номурлуу «Mercedes» үлгүсүндөгү автоунаанын рулунда отурган эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов билдирди.

- Биз «Коопсуз шаардын» видеокамераларына түшкөн 578 мамлекеттик номурлуу ак Mercedes автоунаасын таптык», - деди ал. - Унаа айып жайга киргизилди. МККнын башчысы Алмаз Мамбетов автоунаанын рулунда отурган эмес. Ал таптакыр башка адам. Айдоочу бизге күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө берди. Аталган факт боюна материал чогултулду. Муну менен бирге бизде азырынча автоунааны Чүй прокуратурасынын кызматкери Нурбек Болот башкарып бара жаткандыгы тууралуу маалымат жок.

Тактай кетсек, буга чейин «Репортер» МИ ушул күндөрү интернетте сүрөтү тараган унаа Чүй прокуратурасынын кызматкери жана ЖКнын экс-депутаты Муратбек Малабаевдин тууганы, 1991-жылы туулган Нурбек Болотго ээ болушу мүмкүн экенин жазган. Портал @svobodnyi_13 аттуу Твиттер социалдык тармагынын колдонуучусунун сөзүнө шилтеме кылган.

Башкы прокуратурада бул маалыматты азырынча ырасташа элек.

Эске салсак, жакынкы күндөрү интернетте жасалма 578 ACD мамлекеттик номурлуу унааны башкарып бара жаткан адамдын «Коопсуз шаардын» видеокамераларынан тартылып алынган сүрөттөрү тараган. Айрым колдонуучулар автоунаанын рулунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмазбек Мамбетов, ал эми жанындагы жүргүнчү анын орун басары Айнура Туйбаева деп божомолдошкон.

МККнын башчысы өзү сүрөттө ал эмес экенин айтып, бирок, андагы эркек адамга чын эле окшоштугу бар экенин мойнуна алган. Алмаз Мамбетовдун айтымында ал жумуш күндөрү айдоочусу менен кызматтык унаада, ал эми дем алыш күндөрү - 5525 мамлекеттик номурлуу кара Merсedes унаасы менен жүрөт. Мындан сырткары, ал фотофиксация орун алган маалда конокто болгонун жана муну көптөгөн адамдар тастыктап бере алышарын кошумчалаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх