Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эмне кылайын эми?» Кыргызстандыктарды таң калтырган кайдыгер автоинспектор

Жолдун кесилишинде унаанын көптүгүнөн айдоочулардын биринин үстүнө бири минейин деп калганын автоинспектор четте жөн гана карап турган. Кызматтык териштирүү башталды

Социалдык тармактарда өтө кайдыгер жол сакчысы «популярдуулукка» ээ болууда. Анын катышуусундагы видеону Фейсбук колдонуучусу Максим Золотых жүктөгөн.

«Урматтуу инспектор, эмне болуп жатканын көрүп жатасызбы? Эмнеге эч нерсе кылбай турасыз?» - деп сураган видеонун автору жолтоомунун жанындагы тротуарда турган милиция кызматкеринен.

Жол автоунаанын көптүгүнөн толук буулуп калып, айдоочулардын кесилиштен өтүүгө таптакыр мүмкүнчүлүгү калбай калган эле.

«Сизге мобу аспап эмне үчүн керек, жол кыймылын жөнгө салууга эмеспи эмне?» - деген суроону узаткан ал инспекторго.

«Эмне кылайын эми? - деп жооп кайтарат ал. - Канча унаа турганын көрүп жатасыңбы?»

Мындай абалга кайдыгер карабаган жаран милиция кызматкеринен камерага күбөлүгүн көрсөтүүсүн талап кылган, бирок, автоинспектор мындан баш тарткан.

«Бул кызматта иштебей эле кетип калчы, бекерпоз. Токтоосуз кызматтан алуу керек», - деп үндөгөн Максим Золотых.

Vesti.kg КРнын ИИМнин ЖКККББна кайрылып, тасманын каарманы жоопкерчиликке тартылабы-жокпу тактады. Алар аталган факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатышканын айтышты.

Ольга Федорчук
Фото www
Видео Facebook

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх