Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте биринчи жолу Renault жана LADA эки бренддин дилердик борбору ачылды

Кыргызстандагы Renault расмий дистрибьютору - Asiamotors LTD Кыргызстанда LADA унаалары сатылып баштаганын жар салды

12-декабрда Кыргызстандагы Renault расмий дистрибьютору Asiamotors LTD Кыргызстанда LADA унаалары сатылып баштаганын жар салды. Бул максатта Борбор Азияда биринчиден болуп Бишкекте жаңы Renault жана LADA эки бренддин дилердик борбору ачылды.

Пресс-конференцияга жергиликтүү прессанын өкүлдөрү катышты. Asiamotors компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Лимдин айтуусунда, бул окуяга бир нече себеп негиз болду. “Алар ЕАЭБга интеграция процесси шарттаган керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын өсүшү, бүгүнкү күндө керектөөчүнүн бардык талаптарына жооп берүүнү шарттаган автомобилдик индустрияны глобалдаштыруу процесси. Биздин өлкө бул процесстерден четке калган жок”, - деди Юрий Лим.

Меймандар Renault CIS & LADA Export башкаруучу директору Макс Миссанды тосуп алышты, ал  “Groupe Renault өзүнүн эл аралык экспансиясын улантат" - деп билдирди. Биздин өнөктөшүбүз Asiamotors өзүнүн өнүгүүсүн ырастай алды жана LADA расмий дистрибьютору болуп калды. Бүгүн биз Groupe Renault сапат жана тейлөө стандарттарын киргизүү үчүн курулган, Борбор Азияда биринчи болуп Renault жана LADA эки бренддин дилердик борборун зор кубануу менен ача алдык.

Иш-чаранын жүрүшүндө LADA Vesta Sport жана Renault Arkana жаңы моделдери сунушталды. Жаңы дилердик борбор Groupe Renault эл аралык стандарттарына ылайык түзүлгөн жана эки автоунаа үчүн ири көргөзмө аянтына ээ.

Саркеч жана жайлуу интерьери бар өзүнчө жайгашкан эки шоурум болжол менен 800 чарчы метр аянтты ээлейт. Толук жабдылган цехтин аянты 1000 чарчы метр жана кардарларды тейлөөнүн жогорку стандартына жооп берет.

Заманбап дилердик борбор Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 5 дареги боюнча өз эшигин ачты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх