Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москва метросунда кыргыз вагону пайда болду (видео)

Поезддин мындай жасалгаланышы ЕАЭБдин беш жылдыгына арналган

Москва метрополитенинин айланма сызыгында Кыргызстанга арналган жаңы вагон пайда болду. Мындай аталыштагы видео Фейсбук социалдык тармагында тараган.

Поезддин дубалдары кыргыз улуттук стилиндеги оюулар менен кооздолгон. Мындан сырткары, анда Кыргызстандын ажайып кооз жерлери, ошондой эле мамлекеттин тарыхы тууралуу кыскача маалымат жазылган.

Белгилей кетсек, «ЕЭК» сайты Евразиялык экономикалык биримдиктин беш жылдыгына карата Москва метрополитенинин айланма сызыгында тематикалык поезд каттап жатканын маалымдаган. Тематикалык поезд беш эки секциялык вагондон турат. Ар биринин ички жасалгалоосу ЕАБге мүчө мамлекеттерге арналган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх