Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте акысыз кийим алууга мүмкүн болгон дүкөн ачылды (фото)

Активисттер, мындан сырткары муктаж адамдарга документ толтурууда, окутуу жана жумушка орноштурууда жардам беришмекчи

Кыргызстанда биринчи жакшылык дүкөнү иштей баштады. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында активист Виктория Победа маалымдады.

Анын айтымында аталган дүкөндө колунда жок жана оор турмуштук абалда калган адамдар акысыз кийим алып, жашоого эң керектүү буюмдарды алуу үчүн арыз калтыра алышат.

Азырынча дүкөн Бишкекте гана иштеп жатат, бирок, бүткүл республика боюнча ташып жеткизүү мүмкүндүгү болмокчу.

«Биз мындай үй-бүлөлөргө тынымсыз көз салып турмакчыбыз. Биздин негизги максат - үй-бүлөлөргө кризистик абалдан чыгууга жардам берүү. Ошондой эле бардык кайдыгер эмес жарандарыбызды азык-түлүк, курулуш материалдары менен ушундай дүкөндөрдү ачууга көмөктөшүүгө чакырабыз. Ишкер адамдарынан кызматташууну суранабыз, бир катар устакана ача турган болсок, муктаж адамдарды ал жерден кандайдыр-бир өнөрлөргө үйрөтүп, жумушчу орундарын түзүп берет элек», - деп жазган ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх