Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эч ким эч нерсе төлөгөн жок!». Добулбастын коштоосунда өткөн Бишкектеги митингден видеорепортаж (видео)

 Аянттагы элди аларга акча төлөнгөн деген маалымат кыжырдантты

Ала-Тоо аянтында #REакция 2.0 тынчтык митинги болуп өттү. ММКларды колдогоо жана коррупцияга каршы күрөшүүгө арналган акция миңге жакын адамды чогулткан.

Элдер колуна коррупцияга каршы лозунгдарды жана кыязы, «Раим-миллион» аты менен белгилүү болгон МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоо керектигин түшүндүргөн тор артындагы лимон тартылган сүрөттөрдү кармап турушкан.

Болжол менен ошол эле маалда Ак үйдүн алдына башка адамдардын тобу да пайда болду - алар «Кырк-Чоро» бирикмесинин өкүлдөрү менен алардын тарапташтары эле. Колдоруна желек кармаган жүзгө жакын ак калпакчан киши #REакция 2.0. акциянын катышуучулары тарапка бет алышкан.

Чагымчыл аракеттерге жана эки топтун кагылышына жол бербеш үчүн милиция жаңы келгендердин жолун бууп салды.

#REакция 2.0 уюштуруучулар аянтка алып келген добулбастын үнү менен коштолуп жатты. Бийликтегилерге бул ирет үндөрүн сөзсүз жеткирүү үчүн дешти активисттер. Катышуучулар: «Бардыгынын оозун жаба албайсыңар!», «Сөзгө эркиндик!», «Чыныгы реформаларды талап кылабыз!», ошондой эле «Раим камалсын!» деп кыйкырып жатышты.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда элди митингге чыкпоого үндөгөн билдирүүлөр тарап, аларда аянтка акча төлөнгөн адамдар гана чыгаары жазылган. Айрымдар ал тургай коррупцияга каршы нааразычылык акциясы атын жамынып аянтта гей-парад өтө турганын да жазып жиберишкен. Бирок, митингге келген жарандарды акча алгандыктары тууралуу сурооунун өзү дагы кыжырдантты.

Эске салсак, ушуну менен бул айда экинчи митинг орун алды. Биринчи #REакция коррупцияга каршы күрөш урааны астында өткөн.

Вероника Малышева
Зулайка Эркимбаева
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх