Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэриянын аппарат башчысы: Алты мүнөттүк салют Бишкектин экологиясына зыян келтирбейт

Муну менен бирге Балбак Түлөбаев эгерде шаардыктардын көпчүлүгү фейерверктерден баш тартса, муниципалитет бул идеяны колдоорун тактады

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова Бишкектин мэриясына ансыз дагы экологиялык абал чыңалып турган маалда жаңы жыл түнү салюттарды колдонбой эле коюуну сунуштады. Сунуш бүгүн, 26-декабрда парламенттин жыйынында айтылган.

«Экологиялык абалга байланыштуу Бишкек мэриясына быйыл салюттарды колдонууну токтотууну сунуштайм. Мүмкүн алар сатып алынып калгандыр, бирок, аларды 31-августка деле калтырып койсо болот да»,- деген Мамашова.

Мындан сырткары, ал жакынкы арада парламентте салюттарды аттырууга тыюу салууну кароо керек деп кошумчалады.

Ал ортодо Бишкектин мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Тулөбаев майрамдык салют экологияга зыян алып келбесин Vesti.kg сайтына айтты.

- Алты мүнөттүк салют шаардагы экологиялык абалга эч кандай таасир кылбайт, - деп ишендирди Тулөбаев. - Эгерде, шаарда миллионго жакын киши жашап жана алардын жарымы салют аттыра турган болсо, ошону көйгөй десе болот. Мындан жапырт баш тартуу зарыл.

Муну менен бирге ал эгерде бишкектиктердин көбү фейерверктерден баш тарта турган болсо, мэрия жарандарды колдоорун кошумчалады.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх