Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият дин өкүлдөрүнө Жаңы жылды белгилөөгө каршы чакырыктар менен чыгууга тыюу салды

Аларга мамлекет тарабынан бекитилген бардык майрамдарга карата тескери үгүт иштерин жүргүзүүгө болбойт

Кыргызстандын дин кызматкерлерине Жаңы жыл майрамын белгилөөгө каршы чакырыктар менен чыгууга тыюу салынды. Кыргызстан мусулмандырынын дин башкармалыгынын фатвасын муфтияттын басма сөз кызматы таратты.
Анда «Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген жана бекитилген расмий майрамдарга карата дин кызматкерлери тарабынан тескери үгүт иштери жүргүзүлбөсүн» деп айтылат.
Буйрукту аткаруу милдетин Муфтият өзүнүн түзүмдөрүндөгү бардык диний кызматкерлерге жүктөдү.
Жаңы жыл алдында Кыргызстандын мусулмандарынын ортосунда Жаңы жыл майрамы боюнча талаш-тартыштар байма бай чыгып келет. Айрымдардын пикиринде ислам динин туткандар мусулман майрамдарын гана белгилей алат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх