Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде кезекте турган жүк ташуучу унаалар үч катарга жетти (видео)

 Фуралардын кыргыз-казак чек арасында турганына төрт жумадай болду

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак тилек» көзөмөл-өткөрүү бекетинде кезекте турган жүк ташуучу унаалар үч катар болуп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына окурман билдирди.

«Унаалардын турганына үч жумадай болду, бир нече чакырымдык тыгын жаралды», - деп маалымдады кезекти өз көзү менен көргөн күбө.

Учурда канча унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турганын билүүгө мүмкүн болгон жок. Мамлекеттик чек ара кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Буга чейин казак тарап товар ташыган жүк ташуучу унааларда электрондук пломбаларды талап кылып, кезек ушул себептен башталганы айтылган эле.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге ачык билдирүү менен кайрылган. Парламент мүчөсү өкмөт башчыны ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен кеңешме өткөрүп, -казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүгө чакырган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх