Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда көчөдө калган кыргызстандык аялга РФнын балдар акыйкатчысы жардам берди

Биздин мекендешибиз Москвада акчасыз, ара төрөлгөн эки ымыркайы менен жалгыз калган

РФнын балдар акыйкатчысы Анна Кузнецова эки ымыркайы менен акчасы жок көчөдө калган кыргызстандык аялга жардам берди. Бул тууралуу РФнын президентинин алдындагы балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстандын жараны Орусияга күйөөсү менен барган. Бир аз убакыттан соң өмүрлүк жолдошу боюнча бар келинчегин ижарага алынган батирге таштап мекенине кетет, акча да калтырган эмес.
2019-жылдын ноябрь айында биздин мекендешибиз Москванын төрөтканаларынын биринде көз жарып, эгиз кыз төрөйт. Бирок, ал кайта турган жери жок эле - батирдин ижара мөөнөтү эчак бүтүп, жаш энеде кайра төлөөгө акчасы жок эле. Кыргызстанга дагы кайта алган эмес, анткени, дарыгерлер ара төрөлгөн наристелерди учакка түшүрүүгө тыюу салган.
Аргасы кеткен аял РФнын президентинин алдындагы балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецовага убактылуу турак-жай сурап кайрылат. «Балдар акыйкатчысы кайрымдуулук фонддордун бири менен байланышкан, - деп жазылган сайтта. - Учурда жаш эне ымыркайлары менен убактылуу приютта баш калкалоодо. Ал жерде татаал турмуштук жагдайлары чечилгиче жашай алат. Анна Кузнецова кыргыз тарап менен меморандумдун алкагында бул үй-бүлө тууралуу маалыматты Кыргызстандын акыйкатчысына мындан ары коштоосу үчүн өткөрүп берди».

Эске салсак, 2018-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы менен РФнын президентинин алдындагы балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында өз ара түшүнүү жана аракеттенүү боюнча Меморандумга кол коюшкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх