Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги биринчи жакшылык дүкөнү 200гө жакын баланы кийим менен камсыз кылганга жетишти

 

Активисттер мутаж үй-бүлөлөргө кийим-кечек менен эле эмес, азык-түлүк, ошондой эле көмүр менен жардам берүүдө

Бишкекте ачылган жакшылык дүкөнү бир эле айдын ичинде 200гө жакын баланы кийим-кечек менен камсыз кыла алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына активист жана түйүндүн ээси Максат Баялинов маалымдады.

Анын айтымында бүгүнкү күндө дүкөндүн кадимкидей иш-тартиби бар.

- Биз ишемби жана жекшемби күндөрү иштейбиз, - деди Баялинов. - Бул күндөрү мутаж адамдар балдары менен келип, аларга керектүү кийимдерди алып кетишет. Бизде муктаж үй-бүлөлөргө жардам берчи активисттердин саны 250гө жетти. Дүкөндөн сырткары, биз тизме түзүп, күн сайын азык-түлүк жана көмүр жеткиребиз.

Товарлардын запасын толтурууга аларга кайдыгер эмес жарандар көмөктөшөт.

- Жардам берүүнү каалагандар абдан көп, - деп белгиледи ал. - Келечекте, албетте, кеңейүү жөнүндө ойлонуштуруп жатабыз. Кыргызстандын башка аймактарында дагы ушул сыяктуу дүкөндөрдү ачсак дейбиз.

Жардам берүүнү же алууну каалагандар үчүн байланыш номур: 0705 27 08 45

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх