Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Салымбеков Кытай өлкөсүнө коронавирус менен күрөшүүгө жардам берет

Атактуу бизнесмен коңшу мамлекет үчүн медициналык беткаптарды сатып алууну пландап жатат

«Дордой» ассоциациясы кытай элине жардам көрсөтүү максатында 50 миң даана беткап сатып алып, Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берет. Бул тууралуу ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазган.

«Акыркы убактарда биз, бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты, Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, алаамат вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка Кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын.
Бүгүн, биздин коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз», - деп жазган Салымбеков.

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ТИМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ӨКМге кытай өнөктөштөргө жардам көрсөтүү маселесин карап чыгууну тапшырган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-февралына карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны - 20 630 (алардын ичинен Кытайда- 20 471). Кытайдан сырткары 20дан ашык өлкөдө 159 кишиде вирус тастыкталган. Көз жумгандардын саны - 427.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх