Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кырк чоронун» лидери алмашты

Мындан сырткары, патриоттук кыймылдын катары 15 кишиге толукталды

«Кырк чоро» коомдук кыймылын эми жаңы лидер жетектейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кыймылдын бүгүнтөн тарта «мурдагы» жетекчиси Замирбек Көчөрбаев маалымдады.
Анын айтымында кечээ кыймылдын мүчөлөрүнүн чогулушу өтүп, анда мындан ары лидерлик кызматты жашы 40тан ашпаган адам аркалары чечилген. 

- Кыймылдын жаңы лидери болуп Руслан Адылов дайындалды, Мирбек Сыдыков анын орун басары болот, - деди Көчөрбаев. - Мен мындан ары «Кырк чоронун» байкоочу кеңешин жетектейм.

Ал, ошондой эле кыймылдын катары толукталганын дагы кошумчалады.
- «Кырк чоронун» кечээки чогулушунда расмий түрдө бизге 15 киши кошулду, бүткүл республика боюнча 4715 адам биздин кыймылдын мүчөлөрү болуп эсептелет, - деп сөзүн жыйынтыктады Көчөрбаев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх