Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иш бөлмөсүндө тамеки тартып отурган Бишкек гуманитардык университетинин мугалими соцтармактын каарына калды (видео)

Жогорку окуу жайы азырынча интернетте жарыяланган видео жазуу боюнча үн ката элек

Интернетте жогорку окуу жайлардын биринин мугалими өзүнүн иш бөлмөсүндө тамеки тартып отурган видеосу тарады. «Короче» телеграм-каналында жүктөлгөн бул видеодогу мугалим Бишкек гуманитардык университетинде эмгектенери божомолдонууда.

Автор кадрда БГУнун окутуучусу Калманбетова Гульзат Талимбековна экенин айткан. Ал кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты жана доцент экени белгиленген.

Университеттин жетекчилигинен бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы дагы Vesti.kg сайтынын телефонуна жооп бербеди.

Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх