Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балтада дене тарбия мугалими жаш балдарды буту менен тээп жатканы видеого түшүп калган (видео)

Билим берүү министрлиги окуяны иликтей баштады

Кара-Балта шаарындагы № 2-орто мектебинин дене тарбия мугалими сабак учурунда эки жаш окуучуну тээп жиберген. Мындай видео @Black_list.kg инстаграмм-аккаунтунда пайда болду.

Кадрдан мугалим алгач бир окуучуну ээкке, андан кийин башка баланы далысына тепкенин көрүүгө болот.

Окуучулардын биринин агасы мугалимдин бул жоругу чектен чыкканын айтып, жумуштан кетүүсүн талап кылууда.

«Башталгыч класстардын мугалиминин бул кылганы акылга сыйбайт. Балдарды ушунчалык кордогонго баруу бул акмактык да. Ооба, балдар кээде укпайт, тентек кылышат, бирок, баары бир аларга мындай мамиле кылуу аша чапкандык. Бул мугалим мурда дагы башка балдарга кол көтөргөн учурлар болгон: буту менен тээп, түртүп, ал тургай муунткан да экен. Эч ким мурда муну далилдей алчу эмес, балдардын сөзүнө ишенишчү эмес»,- деп жазылган публикациянын алдында.

Автор баланын апасы эртең милицияга арыз менен кайрыларын кошумчалаган.

Ал ортодо Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы аталган факт боюнча текшерүү башталганын жана кийинчерээк толук маалымат беришерин Vesti.kg сайтына билдиришти.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх