Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде эки адам коронавирус жуктурду деген шек менен ооруканага жаткырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу (фото)

Кытайдан келген эркек адамдардын дене табы көтөрүлүп, ооруканада жатышат. Кооптуу илдет аларда азырынча тактала элек

Кытайдан келип, дене табы көтөрүлгөнүнө ооруканага жаткырылган кыргызстандыктарда коронавирус азырынча тастыктала элек. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Тактай кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Баткен облусунда эки эркек адам дене табы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылганы тууралуу документтин сүрөтү тараган. Алар Кытайдан келгени айтылган.

- Бүгүнкү күндө өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун тастыкталган учуру Кыргызстанда катталган жок, - деп ишендиришти министрликте. - Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Ооба, чындыгында эле бул эки жаран Кыргызстанга Кытайдан Тажикстан аркылуу келишкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген аракеттердин жол-жоболоруна ылайык, аларды санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери андан ары текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Вирусологиялык изилдөөгө анализдери алынды. Эксперттик комиссия байкоо анализдеринин жыйынтыгы менен андан ары байкоо боюнча чечим кабыл алат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх