Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Андрей Аршавин кыргызстандык футболчунун оюнун мактады (видео)

Гулжигит Алыкулов «Кайрат» менен «Зениттин» ортосундагы беттешүүдө алмаштырууга чыккан

Учурда «Зенит» ФКнун башкы директорунун кеңешчиси, белгилүү россиялык футболчу Андрей Аршавин «Кайрат» менен «Зениттин» ортосунда өткөн беттешүүдөн кийин берген маегинде анын пикиринде оюнда эң мыкты өзүн көрсөтө алган оюнчуларды белгилеген.

Алматынын «Кайрат» клубунун YouTube-каналында Аршавин Кыргызстанда эң мыкты оюнчу деп табылган жаш футболчу Гүлжигит Алыкуловдун активдүү оюнун белгилеген. Санкт-Петербургдук «Питер» клубуна каршы беттеште биздин мекендеш алмаштырууга чыккан.

- Кичинекей жигит чыкты го. Каяктык ал? Карып калбадымбы, көрбөй калдым. Чабуулда чуркап жүрдү. А, кыргызбы? Активдүү экени байкалып турду, - деди Россиянын курамасынын мурдагы капитаны, «Кайраттын» жана лондондук «Арсеналдын» экс-оюнчусу Андрей Аршавин.



Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын жарым коргоочусу Гулжигит Алыкулов казакстандык «Кайрат» клубу менен келишим түзгөн.

Фото и видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх