Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендик айым райондук ооруканага тез жардам унаасын белек кылды (фото)

Буга чейин анын өмүрлүк жолдошу Ноокат районуна да ушундай эле белек тартуулаган

Ишкер Бурул Кушбек Баткен облусунун Кадамжай райондук ооруканасына жаңы тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу анын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында маалымдалды.

Ал ушул райондо туулганы белгилүү. Тез жардам унаасы кечээ расмий түрдө медициналык мекемеге тартууланган.

Өткөн жылы Бурул Кушбектин өмүрлүк жолдошу - Расул Айдаров ушундай эле белекти Ноокат райондук ооруканасына дагы берген.

Бурул өзү бүгүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу ага колдоо көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирген.

- Келечек биздики, четтен келип эч ким ондоп бербейт экен, ошол себептен колдон келген жакшылыкты элибиз, жерибиз учун аябай жасап келсек деген аруу тилектеримди айтып кетким келди, - деп жазган ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх