Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Түштүк магистралында бир үйүр жылкы аралап жүрөт (видео)

Жылкылардын ээсине 2000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынат

Бишкектеги Түштүк магистралды бир үйүр жылкы аралап, жолдогу унааларга тоскоолдук жаратууда.
Автоунаанын видеорегистраторунан тартылган мындай видео «Бишкек сегодня» телеграм-группасында жүктөлдү.


Кайгуул кызматы Vesti.kg сайтына жылкынын ээсине айып пул салынарын билдирди.

- Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 215-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, малдын ээсине 2000 сом айып пул салынат, - деп маалымдашты алар. - Ээси аныкталып, № 3 шаардык милиция бөлүмүнө алып келинди.

Ал ортодо Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Султанов М. Арашан айылынын жашоочусу кармалганын Vesti.kg сайтына маалымдады. Ал видеого түшкөн 14 жылкынын ээсиби же жокпу азырынча белгисиз. Териштирүү жүрүп жатат.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх