Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББ мамлекеттик номурларын асты-үстү кылып тагып алган унаа ээлерине издөө салды

Дем алыш күндөрү айып пулдары качантан бери төлөнбөй жүргөн 20 унаа айып короого киргизилди

Мамлекеттик номурлары асты-үстү болуп тагылган унаалардын ээлерин ЖКККББ кызматкерлери издөөдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тактай кетсек, мындай унаалардын сүрөттөрү кечээ социалдык тармактарда тараган эле.
- Социалдык тармактарда айтылган фактылар боюнча жеке курамга багыттама берилип, тийиштүү иштер жүрүүдө, - деп маалымдашты алар. - Мыйзам бузгандар кармалган соң чаралар көрүлөт.

Номурлары асты-үстү болуп тагылган унаалар айып короого киргизилет ал эми алардын ээлери жазаланат, деп билдиришти басма сөз кызматы. Ээлери айып пулду төлөмөйүн транспорт каражаттары камакта болот.

- Айып пулдун өлчөмү бардык мыйзам бузуулар фактысын аныктооо үчүн кармалган учурда каралат, - деп кошумчалашты ЖКККББда.
Жол милициясынын кызматкерлери айып пул төлөбөй жүргөндөрдү аныктоо багытында күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда,- деп белгилешти алар.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте номурлары асты-үстү болуп тагылган унаалардын сүрөттөрү жарыяланган.

Алардын бири - B 0816 AE мамлекеттик номурлуу күмүш түстөгү BMW унаасын 7-Апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен камерага тартып алышкан.

Ошондой эле, интернет колдонуучулары Россиянын номурлары бар Lexus LX570 унаасын дагы «кармашкан».

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх