Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таштандысын челекке жетпей ыргытып жиберген бишкектик келинге 5500 сом айып пул салынды

Ал өз күнөөсүн моюндаган

Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы күн сайын шаардын ар бир районун кыдырып, шаарды абаттоо боюнча эрежелерди бузган көп сандаган жарандарды аныктоодо.

Ч. Айтматов кең көчөсүндөгү 4-үйдө жашаган М.к.А. аттуу аял таштандысын челектерге жеткизбей, уруксат берилбеген жерге ыргытып жиберген. Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, тартип бузуучуга 5 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.

Ошондой эле № 5-микрорайонундагы «Оптима банк» компаниясына карата өнөр жай калдыктарын ыргытышканы үчүн протокол түзүлгөн.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздөрдүн, кеңселериңиздердин тегерегинде тартипти сактап, уруксат эмес жерлерге таштанды ыргытпаңыздар!

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх