Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары» мамлекеттик ишканасынын башчысы: Үч айдын ичинде базарлардагы токтомолор акылуу болот

Ислам Момоконов базарлардагы жол белгилеринин орнотууу Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен макулдашыларын белгиледи

Бишкек мэриясынын алдындагы «Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары» мамлекеттик ишканасы үч айдын ичинде муниципалдык мекемелерге караштуу аймактарда жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү орнотууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ишкананын башчысы Ислам Момоконов билдирди.

Анын айтымында, жол белгилери менен көрсөткүчтөрдү жаз келери менен орнотуу пландалууда.

- Күн жылыганда биз «Бишкекасфальтсервис» менен биргеликте унаа токтотуучу жайларда атайын белгилерди чиебиз. - Болжол менен бир жуманын ичинде муниципалдык мекемелер бар жерлердин (эркин, курулуп бүтө элек имараттар) дээрлик бардыгында жол белгилери, көрсөткүчтөрү жана маалыматтык такталары бар акылуу унаа токтотуучу жайлар пайда болот.

Ал январь айынын башында жол белгилери Ош базарында, Бейшеналиева, Токтогул, Кулатов жана Безымянный көчөлөрүндө орнотулганын тактады. Жакынкы аралыкта базарлардын ичиндеги унаа токтотуучу жайлар дагы акылуу болорун Момоконов тактады.

Ал ортодо кечээ, 19-февралда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Гүлнара Молдобаева Бишкек мэриясын сынга алып, «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» акылуу токтотмолор жөнүндө токтомду БШКнын депутаттары менен макулдашышпаганын айтып чыкты.

«Алар жөн гана 8-январдан баштап акча чогулта башташты. Жарандарды алдын ала маалымдоо деген жок, кайсы жерлер экени белгиленген эмес»,- деди Молдобаева.

Ал эми Моноконов базарлардагы жол белгилерин орнотуунун алдында алар бул маселени БШКнин депутаттары менен макулдашышарын белгиледи.

Эске салсак, 2020-жылдын январь айынан тарта айрым базарлардын жанындагы унаа токтотуучу жайлар үчүн акы алына баштаган. Айдоочу бир киргени үчүн 25 сом төлөөгө тийиш.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх