Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түп районунда эки баштуу музоо туулду (видео, фото)

Музоо баары бир көпкө жашай алмак эмес, ошондуктан союп салууга туура келген

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында эки баштуу музоо туулганын Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Ветеринардык дарыгер Нургазы Кудайберген уулунун айтымында музоо кесарево жолу менен туулган. Ал баары бир көпкө жашай алмак эмес, ошондуктан союп салууга туура келген.

«Мага Күрмөнтү айылынын жашоочусу Ырыскелди Орозбаев телефон чалып, ую тууй албай жатканын айтты. Келсем мал чын эле кыйналып жаткан экен. Кол менен текшерип, музоонун эки башы бар экенин билдим. Жардамчым Элеман Дайырбековду чакырдым. Биз экөөбүз операция жасап, (кесарево) музоосун алып чыктык. Уйга керектүү дары-дармек менен укол сайып, тазалап, тигип койдук. Музоонун бир башы кыймылсыз экен, биз ал баары бир жашап кете албасына көзүбүз жетип союп салууну туура көрдүк. 23-февралда уйду карап келдим. Ал бутуна туруп, чөп жеп баштаптыр», - деди дарыгер.

Фото Turmush
видео Turmush

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх