Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык балбан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиону аталды 

Улугбек Жолдошбеков 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан

Кечээ кыргызстандык балбан Улугбек Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Күрөш боюнча эл аралык федерация кабарлайт.

Спортчу 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.

Мелдештин чечүүчү беттешүүсүндө Жолдошбеков тажикстандык балбан менен күч сынашып, аны 3:0 эсебинде жеңип алган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх