Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балтада вандалдар Ардак аллеясындагы белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айрып салышкан

«Манас» спорттук комплексинин башчысы жараксыз портреттер жаңыларына алмаштырылганын билдирди

Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар «Манас» спорттук комплексинде жайгашкан Ардак аллеясындагы белгилүү инсандардын сүрөттөрүн айрып кетишкен. Бул тууралуу «Turmush» сайтына жергиликтүү жашоочу билдирген.

Анын айтымында кылмышкерлер өлкөнүн спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон инсандардын порттерин жараксыз абалга келтиришкен.

«Бул адамдардын бардыгы эчак бул дүйнө менен кош айтышкан, бирок, кимдир-бирөөлөр ушундай жол менен алардын жаркын элесин булгайын деп чечкен го», - деп ачууланды аял.

Кара-Балталык жашоочу кылмышкерлерге чара көрүлмөйүн мындай тартип бузуулар улана берет го деп кооптонду.

Vesti.kg «Манас» спорттук комплексинин башчысы Айбек Аманбаев менен жолугуп, ал сүрөттөр өткөн жумада эле жаңыларына алмаштырылганын билдирди.

- Бир нече күн мурда ушундай окуя орун алды, - деди ал. - Бизде эркин күрөш боюнча мелдештер өтүп, ага 300-400дөй адам катышкан. Андыктан, ким муну кылганын аныктоо кыйыныраак болду. Мелдештерди уюштурган спорттук мектеп жоопкерчиликти өзүнө алып, порттреттерди кайра калыбына келтирип берди.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх