Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УЕФА Чемпиондор Лигасын түз алып көрсөтүү укугун сатып алган чырлуу «Кью Спорт» каналы Кыргызстанда обого чыга баштады

Бүгүн ал кабелдик телеканалдардын бири аркылуу тесттик режимде иштей баштады

Чемпиондор Лигасынын, Европа жана АПЛ Лигаларынын футболдук беттешүүлөрдүн түз алып көрсөтүү укугун сатып алган «Кью Спорт» компаниясы «Ала ТВ» кабелдик телеканалы аркылуу көрсөтүүлөрүн чыгара баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Ала ТВ» компаниясынан кабарлашты.

Спорттун канал бүгүн иштей баштаган.

- Азырынча эфир тесттик режимде иштеп жатат жана маал-малы менен жоголуп турушу мүмкүн.

Буга чейин казакстандык «Кью Спорт» телеканалы Кыргызстанда обого чыгууга уруксаты жок экени маалымдалган. Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору Салкын Сарногоева Vesti.kg сайтына телеканал Казакстандын аймагында катталганын билдирген.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх