Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

345 авто май куюучу станцияда автоматташтырылган система орнотулду

Электрондук системанын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куя албайт

2020-жылдын 26-февралына карата 345 авто май куюучу станцияда башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулган.

Анын ичинен автоматташтырылган система Бишкекте – 82 АМСке, Ош шаарында – 11, Чүй – 86, Талас – 10, Ысык-Көл – 39, Нарын – 13, Ош – 28, Жалал-Абад – 66, Баткен облустарында – 10 АМСке орнотулган.

Азыркы учурда ведомстволор аралык комиссия бул май куюучу станциялардын автомай куюучу станцияны башкаруу системасынын техникалык талаптарына ылайыктуулугуна функционалдык жактан салыштырып текшерүү жүргүзүүдө.

Республика боюнча бардыгы болуп 974 май куюучу станция бар, алардын 936сы иштеп жаткандар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тартып бардык АМСте май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы колдонулмакчы.

Мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү кардар контролдук-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп, май куюусу мүмкүн болбойт, себеби АМСтин май куючу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигналы иштебейт. Бул система АМСтен мунайзатты берүү учурунда реалдуу убакыт режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине параллелдүү берүүгө мүмкүндүк берет.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

МСКнын басма-сөз кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх