Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Круиздик лайнерде коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык япондук ооруканадан чыгарылды

Коронавирустук инфекцияга алынган акыркы тесттер КРнын жаранында коронавирус жок экенин көрсөткөн

«Diamond Princess» круиздик лайнеринде эмгектенген Кыргыз Республикасынын жараны 1-мартта япондук ооруканадан чыгарылып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылды.

Коронавирустук инфекцияга алынган акыркы тесттер КРнын жаранында коронавирус жок экенин көрсөткөн.
Кыргыз Республикасынын жараны учурда Токио боюнча эркин жүрө алат.

Эгерде ал мекенине кайтууну чечсе, анда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык, биздин жаран 14 күндүк карантинге киргизилет.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх