Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Свердлов РИИБ аялдар жүрүшүндө эки тараптан тең чагымчыл аракеттер болгонун билдирди

Бишкек милициясы митингге уруксат берилбегенин, ал эми ИИБ өз аракеттери менен жарандардын коопсуздугун гана камсыздашканын билдирди

Кечээ 8-мартта «Феминалле» жана «8/365» коомдук кыймылынын өкүлдөрү Жеңиш аянтында уруксат берилбеген митингге чогулушканын, жүрүш алдын ала Свердлов райондук акимиаты жана Бишкек мэриясы менен макулдашылган эмес.

Ошондой эле уюштуруучулар пландалган митингде коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарын кабарлабай, жыйынтыкта борбор калаада ар кандай чагымчыл аракеттер менен коомдук тартипти бузуу фактылар орун алган.

Акциянын башталышынын алдында митингдин катышчуулары менен айрым топтордун арасында кайым айтышуу орун алып, уруш чыгып кеткен. Чырдын арбып кетишине жол бербөө үчүн милиция кызматкерлери тартипти калыбына келтирип, борбор калаанын коноктору менен жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам чаралар көрүлө баштаган. Жыйынтыкта эки тараптан тең чагымчыл кылгандар адамдар аныкталып, Свердлов ИИБне жеткирилген.

Жыйынтыкта КРнын Эреже бузуулар кодексинин негизинде уруксат берилбеген митингдин алты катышуучусуна жана коомдук тартипти бузууга катышы бар беш адамга карага протокол түзүлүп, айып пулдар салынган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх