Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мугалим окуучуларга: «Жок дегенде салат сатып ала аласыңарбы? Ручканы өзүңөргө калтыргыла»

КРнын Билим берүү министрлиги окуя качан жана кайсы мектепте болгонун тактап баштады

Кыргызстандын мектептеринин биринде мугалим окуучулардан майрамдык үстөлгө салат алып келүүлөрүн суранган. Мындай видео Youtube тармагында тарады.

«Силердин 11-класс эмне алып келе алышат деп сурап жатам?», - деген анда окутуучу.

«Бул маселени биз, балдар өзүбүзчө чечип, эртең тапшырабыз», - деп ага окуучулар жооп берген.

«Эмне белек берериңерди мен билем. Бир ручка берип коесуңар. Мага бир ручканын кереги жок, макулбу. Албайм»,- деп аял сөзүн уланткан.

Ага жооп берүүгө аракет кылган окуучу кызга мугалим: «Ручканын кереги жок. Оозуңду жап» деген.

«Саат төрттө мугалимдер отурушат. Жок дегенде салат сатып келе аласыңарбы деп жатам?!», - деп окутуучу сөзүн кайталаган.

Vesti.kg бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, алар аталган факты боюнча мекеме териштирүү жүргүзүп жатканын айтышты. Окуя качан жана кайсы мектепте болуп өткөнүн аныктоо аракети жүрүүдө.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх