Санкт-Петербургдун феминист кыздары жүрүш учурунда кармалган бишкектик аялдарды кодоп чыгышты (фото)
Россиялык кыз-келиндер тилектештигин билдирип, бир кишилик пикеттерди уюштурушкан
Кечээ Санкт-Петербург шаарында феминист кыздар Бишкектеги аялдар маршына чыккандарга тилектештиктерин билдирип, бир кишилик пикеттерди уюштурушту. бул тууралуу Петербургдун «Ребра Евы» феминисттик коомчулугугун Фейсбук баракчасында жазылды.
«Бишкекте 8-мартта аялдарды милиция кызматкерлери буттары менен тепкилешти», «Кыргызстанда аялдар 8-мартта ур-токмокко кабылды. Милиция кол салгандарды колдоду», - деп жазылган алардын плакаттарында.
Эске салсак, 8-мартта Бишкектеги Жеңиш аянтында аялдардын укуктарын коргоо арналган жүрүш үзгүлтүккө учураган. Кечээ Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында #зомбулукка жол жок ураанынын алдынды тынчтык акциясы болуп өттү.
Фото www