Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Интернетке Кыргызстанда коронавирустун келгенин тараткан аялга кылмыш иши козголду

ИИМ жалган маалымат таратуу боюнча 15 факты каттады

Милиция жалган маалымат таратып жаткан жарандардын өздүгүн аныктоодо. Бир күндүн ичинде өлкө боюнча мындай 15 факты катталган.
Мисалга алсак, Бишкекте жалган маалымат таратуунун бир фактысы аныкталган. Биринчи май райондук ИИБнын кызматкерлери Инстаграм социалдык тармагы аркылуу, коронавирус Кыргызстанга келгенин, болгону элди дүрбөлөңгө салбоо үчүн бул маалымат ачыкталбай жатканы жөнүндө чындыкка дал келбеген маалыматты тараткан аялдын аты-жөнүн такташты.


Ал Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылынын 27 жаштагы тургуну экени аныкталган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ички иштер министрлиги такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана паникага алдырбоого чакырат.


Расмий маалымат ыкчам штаб тарабынан тынымсыз жарыяланып турат. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган маалыматкандар КРнын ЖКнин 344-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат.


КРнын мыйзамдарын билбөө жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен куткарбайт!

ИИМнин басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх