Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Италиядан келген кыргызстандык студент кыз: Карантин балдар лагерин элестетет (фото)

Италиянын вузунда билим алган студент карантиндин шарттарын төкпөй-чачпай айтып берди

Венециядан кайтып келген 23 жаштагы кыргызстандык Нурай Каниметова — коронавирустук инфекциянын алдын алуу үчүн карантиндик аймакка жөнөтүлгөндөрдүн бири.

Кыргызстандык кыз Италия боюнча вирус катталган биринчи шаарда билим алчу. Каниметованын айтымында алгач жергиликтүү как Италиянын бийлиги вирустун тарашына жол бербөө үчүн бардык керектүү чараларды көрөт деп ишенишкен.

- Венецияда абал өтө оор, акыр заман келгендей сезилди, - деди ал. - Элдтин бардыгы дүрбөлөңгө түштү. Мамлекеттик мекемелер да эмне кылышарын билбей, жарандардын суроолоруна жооп бере албай жатышты. Миланда азия улутундагы адамды сабап кетишкен учур болду..

7-мартта Нурай Каниметова билет сатып алып, Кыргызстанга кайтып келейин деген, бирок, ал күнү чек ара жабылып калды. Ал жардам сурап КРнын Италиядагы элчилигине кайрылган, бирок, мекеме ага жардам берүүгө эч шашкан эмес.

- Ар кайсы өлкөнүн студенттерине аларды жакында өзүнчө учак менен алып кетишерин кабарлашты, - дейт Нурай. - Аларга маал-маалы менен телефон чалышып, абалдарын сурап жатышты. Мага өзүнчө учак жиберүүнүн деле кереги жок болчу, мен болгону алар менен кеңешип, канткенде чек арадан өтө алам билейин дегем, жардам беришет го дегем. Бирок, алар жооп беришкен жок. Телефонго да, каттарга да.

Венециядан Москвага учуп келген кыргызстандык кызды тепловизор менен текшеришкен. Учак Бишкекке конгондон кийин аэропорттун кызматкерлери кызыл зонада болгон жарандардын фамилияларын аташып, вируска анализ алынарын эскертишкен.

- Мен Италиядан 12-мартта учуп келдим, - дейт студент кыз. - Бизди Москвадан алгач тепловизор менен текшеришти. Андан кийин Кыргызстанга учуп келдик, каттоо маалында кызыл зонада болгондордун фамилияларын айтышты. Ошол эле жерден вирусту аныктоо үчүн мурундан мазок алышып, конуу тилкесинен эле дароо мурдагы «Ганси» америкалык базасына карантинге алып кетишти. Бул жерде болжол менен 20дан киши бар - алар Италия, Германия, Франция, Испания, Кытай жана Кореядан келген жарандар. Бизди күнү-түнү аскер адамдары кайтарышып, дарыгерлер күнүнө үч жолу дене табыбызды текшеришиүүдө. Медперсонал менен күзөтчүлөр бизге абдан жакшы мамиле кылышып, бардык керектүү нерселерди алып келип берип жатышат.

Анын айтымында карантиндеги шарттар мыкты: күнүнө үч маал тамактанышып, ар кандай оюндарды ойношот, бир нече маал дарыгерлер текшерип кетишет.

- Бизге күнүнө үч маал тамак беришүүдө, абдан даамдуу, бардыгы мактап жатат, - деп белгиледи Каниметова. - Бош маалда ар кандай оюндарды ойноп, баарлашабыз. Эртеден кечке эшиктебиз. Убакыт көңүлдүү өтүүдө, айтор. Мага карантин балдардын лагерин элестетип жатат. Болгону чоңдор үчүн. Бир бөлмөдө үчтөн киши уктайт. Кээ бирлер жалгыздан. Бардык шарттар бар: душ, ашкана, корпустардын ичинде дааратканалар.

Болжол менен 10 күндөн кийин Нурай карантиндик аймактан чыгып, үйүнө кайтат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх