Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урмат Барыктабасов: Балыкчыдагы мейманканамды оорулууларды дарылоо үчүн пайдаланууга бергенге даярмын

Белгилүү олигарх оорулуу адамдар жакшы шарттары бар жерде дарыланса көңүлдөрү көтөрүлүп, тез сакайып кетишет деп эсептейт

Белгилүү олигарх, иши оңунан чыкпай калган «революционер» Урмат Барыктабасов Балыкчы шаарында жайгашкан «Алия» мейманканасын оорулууларды дарылоо үчүн пайдаланууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Кечээ Урмат Барыктабасов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылган билдирүүсүн жазган.

«Урматтуу премьер-министр!

Түзүлгөн кырдаал оор болуп турат.
Эгер ооруган адамдарга жатакана керек болсо, Балыкчыдагы Алия мейманканасын пайдаланганга бергенге даярмын.
45 оорулуу адамды жаткырса болот.
Бүт шарты бар, ысык суу, муздак суу, кухнясы ж.б.у.с.
Мамлекет оор кырдалда турганда жардамымды аябаймын.
Бекер пайдалангыла...

Короновирус шамалдан коркот, Балыкчынын абасы кургак, ооруулуу адамдар тез сакайып кетет..

P.S. Угушума караганда шарты жок жерге ооруган адамдарды жаткырган жатышыптыр..
Жакшы шарты бар жер сунуштайын..Оорулуу адамдардын көңүлү көтөрүлүп, тез сакайып кетет.
Алланын ыраазычылыгы учун, жана элимдин саламаттыгы үчүн», - деп жазган Урмат Барыктабасов.

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх