Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвада калган кыргызстандык айым: Мамлекеттин биз менен иши да жок! Биз азыр кайда жашап, кайсы акчага тамактанышыбыз керек?

«Шереметьеводо» Бишкекке уча албай калып калган кыргызстандыктар көп. Кыргыз тарап каттамдарды токтотту

Москвадагы кыргызстандыктар аба каттамдарынын токтотулганына байланыштуу Бишкекке учуп кете албай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекендештерибиздин бири Вероника Данилова билдирди.

Анын айтымында каттамдардын токтотулганын ал бүгүн, 20-мартта гана уккан жана алдын ала аларды эч ким кабарлабагына абдан нааразы.

- Билеттерди сатып алган досума бүгүн кыргыз тарап каттамдарды токтоткону жөнүндө билдирүү келиптир, - деп тактады Данилова. - Ошко каттамдар бар экен, бирок, ал жакка барганда эмне, чек ара жабылып жатса, анын үстүнө коронавирус жуктургандар бар. Авиакомпаниянын оператору Кыргызстан 1-апрелге чейин каттамдарды токтотконун айтты. Казакстан жарандары чыгып кетсин деп үч күн берди. Мен жаңылыктарды аңдап тургам, каттамдар боюнча эч кандай жаңылык болгон эмес.

Мындан сырткары ал учурда «Шереметьево» аэропортунда көптөгөн кыргызстандыктар турганын, алардын арасында эмчектеги балдары менен аяладар да бар экенин кошумчалады.

- Мекенине кайткысы келген биздин жарандарыбыз менен өкмөттүн иши да жок, - дейт кыргызстандык. «Шереметьеводо» Бишкекке учуп кете албай толтура адам турат. Биз кайда жашап, кайсы акчага тамактанышыбыз керек? Москвада жумалап жашоо баарынын эле колунан келе бербейт.

Ал ортодо «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы өкмөттүн алдындагы мамлекеттик штаб чындыгында эле коопсуздук максатында бардык рейстерди токтотуу боюнча токтом кабыл алганын Vesti.kg сайтына ырастады.

- Бүгүнкү күндөн тарта КРнын Мамлекеттик штабынын буйругу менен Москвадан Бишкекке жана Бишкектен Москвага чек аралар жабылды, - деп маалымдашты аэропорттон. - Мындан ары жумасына бир гана жолу «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек-Москва, Москва-Ош-Москва жана Новосибирск-Бишкек-Новосибирск каттамдарын жүргүзөт. Бардык башка каттамдар токтотулду. Кыргыз тарап аларды кабыл албайт. Мунун бардыгы биздин жарандардын коопсуздугу үчүн жүргүзүлүүдө..

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх