Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 300 кишилик той өткөргөн актер: Бардыгы даяр болуп калган, кантип биз үйлөнүү тоюбузду токтотот элек?

 

Анвар Осмоналиев соцтармактардагы сынчыларга өз жашоосу менен алек болууну сунуштады

Ата мекендик актер Анвар Осмоналиев Мамлекеттик штабдын сунушуна карабай 300гө жакын конок чакырылган үйлөнүү тоюн токтоткон эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында үйлөнүү той 18-мартта өткөн. Бардыгы даярдалып, ар кайсы мамлекет жана шаарлардан коноктор чакырылып калгандыктан алар тойду токтото алышкан эмес.

- Биз тоюбузду 18-мартта өтөрүн мурда эле белгилеп койгонбуз, - деди артист. - Бардыгын токтотуп деле коё алмакпыз, бирок, биз ар кайсы өлкө жана шаарлардан досторубузду чакырып койгон элек. Көптөн күткөн тоюбузга даярданууга эки ай жумшадык.

Көптөгөн сын-пикирлерди калтырып жаткан социалдык тармактардын колдонуучуларына Осмоналиев өз жашоосу менен алек болууну сунуштады.

- Азыр ушундай мезгил болбодубу, бардыгыбыз эле социалдык тармактарда отуруп алып, сындаганды билебиз, - деди Осмоналиев. Алар өздөрү ушундай абалга туш болсо көрөт элем. Коронавирус чыккан маалда үйлөнүү той өткөрүү бизге оңой болду дейсиңерби? Соцтармактарда жазып жаткандар андан көрө өз жашоосуна алек болушса.

Тактай кетсек, 18-мартта Бишкектин ресторандарынын биринде актер Анвар Осмоналиевдин 300гө жакын конок катышкан үйлөнүү тою болуп өткөн. Үлөнүү тойго бир эки күн калганда Мамлекеттик штаб массалыш иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, актердин үйлөнүү үлпөт тою өткөн 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган биринчи бейтаптар аныкталган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх