Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталинов чек аралар жабылгыча Санкт-Петербург шаарына текшерүүгө барып келгенге жетишти

Оор илдетке чалдыккан УКМКнын мурдагы башчысынын өпкөсүнө метастаз тараган. Ал кезектеги химиотерапия курсун алууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов коронавирустун жайылышына байланышкан абалга карабай Санкт-Петербург шаарына медициналык текшерүүдөн өтүп келүү үчүн барып келгенге жетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жубайы Гульнара Суталинова билдирди.

- Мурат Санкт-Петербургга барып келгенге кудай жалгап жетишип калды, - деди Суталинова. - Ал питердик дарыгерлерден консультация алды. Өпкөсүнө метастаздар тарап жатат.

Гульнара Суталинова өмүрлүк жолдошу кезектеги химиотерапия курсун алып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg оор илдетке чалдыккан Мурат Суталинов чет өлкөдөн медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин жазган эле.

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2019-жылдын 7-майында ден-соолугунун начарлашына байланыштуу абактан бошотулган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх