Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык: ӨКМнин башчысы кызматкерлери менен № 1-гимназия-интернатындагы адамдардын кармалуу шарттарын карап чыгуу үчүн барып, бирок ал жакка кирүүдөн баш тартышты (фото)

Жарандын айтымында куткаруучулар коргоочу костюмчан келишкен, ал эми обсервациядагы дарыгерлерге кийим-кечек менен бет каптар жетишсиз болууда

Кечээ Кыргызстанга Германия, Корея, Россиядан кайтып келген жарандар түшкөн Бишкектеги № 1-гимназия-интернатына өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров келди. Атын атагысы келбеген Vesti.kg сайтынын окурманынын айтымында ӨКМнин кызматкерлери мекемеге кирүүдөн баш тартып, бейтаптардын абалы менен көчөдөн таанышып кетишкен.

- Министр башында турган ӨКМнин кызматкерлери атайын даярдыкта, тийиштүү коргоочу костюмчан келишкен, - деди окурман. -Эми бизди көзөмөлдөгөн персоналды карасаңыздар: кийим-кечелери, медициналык бет каптары аз. Дарыгерлер бир колдонулуучу халатчан жүрүшөт.

Окурмандын айтымында бейтаптар ӨКМнин кызматкерлеринен алардын кармалуу шарттарына көз чаптыруусун суранышкан. Бирок, анын айтымында министрликтин өкүлдөрү бөлмөгө кирүүдөн баш тартып, бейтаптардын абалы менен көчөдө туруп таанышышкан.

- Жыйынтыкта биз мекеменин эшигин ачып, ал жерде жаткан таштандыны көрсөтүүгө аргасыз болдук, - дейт жаран. -Кийин таштандыны чыгарышты. Бизге жакын арада премьер-министр келиши керек. Азыркы тапта имараттын сыртында санитардык тазалоо жүрүп жатат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх