Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү узартылды

Мындан сырткары, МСК ишкерлердин салык текшерүүсүн убактылуу токтотту

2020-жылдын 24-мартындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке жактар тарабынан бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн ушул жылдын 1-сентябрына чейин узартты.

Бул Кыргыз Республикасында коронавирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу үчүн өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалдын шарттарында салык төлөөчүлөргө колдоо көрсөтүү максатында жасалды.

Эскерте кетсек, мыйзамда белгиленген мөөнөттөргө ылайык, жеке жактар тарабынан бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктамак.

МСКнын басма-сөз кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх